Казак улутундагы жигит президент Садыр Жапаровго эки тамчыдай абдан окшош.
Ал тууралуу журналисттер байма-бай жазып келишет. Аскар Байдилдага бир нече кийим-кече дүкөнүнөн модель болуп берүү сунушу түшүп, ал макулдугун бергени маалым болду.
Аскар Байдилда Бишкекте Медициналык академияны аяктаган казакстандык жигит. Кесиби боюнча невропатолог. Учурда Бишкекте балдарды укалоо борборун ачып иштеп жүрөт.
Эске салсак, жыл башында социалдык тармактардын колдонуучулары аны президент Садыр Жапаровго окшоштуруп, ошондон тарта таанылып калган.
Маалымат Спутник агенттигинен алынды