Дайынсыз жоголгон кыз табылды

Окуялар тизмеги 12 Апр 2021 10:39
0 ой-пикир

Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан мурда дайынсыз болгон кыз табылып, ата-энеси кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык Свердлов райондук ИИБдин милиция кызматкерлери шаардык аймагына комплекстүү издөө иш-чараларын жүргүзүүдө 2007-жылы туулган Сыдыкова Феруза Эрлановнаны табышып, ата-энесине өткөрүп беришти.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 9-апрелде Бишкек шаардык Свердлов райондук ИИБге И.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анын жашы жете элек кызын издөөгө жардам көрсөтүүнү өтүнгөн. Ал 2021-жылы 7-апрелде болжол менен саат 14:30дарда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп аткан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.