Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти менен Садыр Жапаров жолукту

Окуялар тизмеги 09 Апр 2021 21:25
0 ой-пикир

Садыр Жапаров бүгүн, 9-апрелде Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер жана уюмдун вице-президенти Обейд Аль Анзини менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Кыргызстан менен Эл аралык дзюдо федерациясынын кызматташуусун активдештирүү, ата мекендик спортту өнүктүрүү пландары жана багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы Федерациянын жетекчилиги ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Анын натыйжасында Кыргызстанда биринчи жолу эркектер жана аялдар арасында дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты болуп өттү.

Садыр Жапаров чемпионат бийик деңгээлде уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүнө баа берип, ага өзү да кунт коюу менен көз салганын баса белгиледи.

Президент бул кадыр-барктуу спорттук иш-чара өлкөдө артыкчылык берилген жана өнүгүп келе жаткан спорт түрү болгон кыргыз дзюдосу үчүн маанилүү окуя деп атады.

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер Кыргызстанды дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алган биринчи алтын медалы менен куттуктап, бул жаш муундардын спортко кызыгуусуна түрткү болот деген тилегин билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.