Адашып кеткен кыз табылды

Окуялар тизмеги 09 Апр 2021 13:02
0 ой-пикир

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш кызды таап, туугандарына өткөрүп беришти.

Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, күн мурун, 8-апрелде болжол менен саат 18:30да Бишкек шаардык милициясынын «102» кызматына Ак-Босого жаңы конушунан кичинекей кыз адашып ыйлап жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлери 55 жаштагы айым адашып жүргөн 10 жаштагы кыздын ыйлаганын көрүп, милицияга кабар бергендигин такташкан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кичинекей кыздын туугандарын Свердлов райондук милициясына чыкырып, ошол жерден туугандарына аман-экен өткөрүп беришкен.

Кичинекей кыздын табылганына сүйүнгөн жакын туугандары милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.