Президент Садыр Жапаров 7-апрель — Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Окуялар тизмеги 07 Апр 2021 10:23
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 7-апрель — Апрель элдик революциясы күнүнө карата кайрылуу жолдоду, — президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер!

Бүгүн Апрель элдик революциясына он бир жылдын жүзү болуп олтурат.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстан калкы өзүн тарыхый процесстин жигердүү катышуучусу жана бийликтин чыныгы ээси экендигин бүт дүйнөгө даңазалай алды.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Апрель окуялары орду толгус жоготуулардын, кырчындай өмүрлөрдүн кыйылышы менен коштолгон окуялар катарында калды.

Ɵткɵн бийликтердин кулашынын себеби — коом менен бийликтин ортосундагы узак убакыт бою чечилбей келаткан карама-каршылык. Адилеттикке, калыстыкка умтулуу — элибизди толкуткан, революцияга алып келген негизги күч. Март революциясы максатына жетпей калгандыктан, Апрель революциясы болду.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

2010-жылы 7-апрелде кыргыздын уул-кыздары Акүйдүн алдына ɵз саясий укуктарын коргоо үчүн барган эле. Бирок бийликтин карапайым элден алыстап калгандыгы билинди. Апрель окуяларында элибиздин тайманбас уулдарынан айрылдык.

Арадан канча мезгил ɵтсɵ да, шейит кеткен Апрель баатырларынын кайгысы эч качан унутулбайт. Баатыр уулдарыбыздын жаркын элеси түбɵлүккɵ жашай берет.

Апрель революциясынын эң башкы натыйжасы мамлекеттин өнүгүшүндөгү демократиялык жолдун тандалып алынышы болду.

Бул элдик революциянын дагы бир сабагы: мамлекеттик бийликти күч колдонуп, кан төгүү жолу менен эмес, тескерисинче, тынчтык жолу менен мыйзам чегинде, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөткөнүндө.

Апрель элдик революциясынын курмандыктарынын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Мамлекетибизде тынчтык жана бакубатчылык өкүм сүрсүн!», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Сүрөт Президенттин расмий сайтынан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.