Садыр Жапаров Иран мамлекетинин тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды

Окуялар тизмеги 06 Апр 2021 16:07
0 ой-пикир

Садыр Жапаров бүгүн, 6-апрелде, Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлине токтолуп, Иран менен соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде инвестициялык чөйрөнү чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди.

“Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууну каалаган ирандык чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн биздин эшиктер ар дайым ачык. Учурда биз чет элдик инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп аракеттерди жасап жатабыз. Инвесторлорго болгон мамиле мындан ары өзгөчө болоорун баса белгилеп кетким келет», — деди ал.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.