Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Сок менен Cадыр Жапаров менен жолугушту

Окуялар тизмеги 05 Апр 2021 15:58
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-апрелде, Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, парламенттер аралык, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун аспектилери талкууланды.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоо, өлкөлөр ортосундагы кызматташууну жаңы баскычка көтөрүү зарылдыгы бар экендигин белгилеп, Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге саламын жолдоду.

Президент Кыргызстан «Борбор Азия-Корея Республикасы» кызматташтык форумуна чоң маани берерин жана анын алкагында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн да, Түштүк Корея үчүн дагы келечектүү болгон өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун чоң потенциалы бар экенин белгиледи. Ал эки өлкөнүн Өкмөттөрүнө бул багытта тыгыз кызматташуга чакырып, тараптардын биргелешкен аракеттери менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө ишенимин билдирди.

Ошондой эле мамлекет башчысы учурда Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Сүрөт интернеттен алынды

Кызыктуу видео, сүрөт бар болсо жибериниздер. Вотсап номер (0702825261)

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.