Президент иш сапар менен Баткен жана Ош облустарын кыдырат

Окуялар тизмеги 03 Апр 2021 10:31
0 ой-пикир

 Садыр Жапаров 3-4-апрелде иш сапар менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Баткен облусунда мамлекет башчысы «Коопсуздук — 2021» жана «Түштүктү калыптоо — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу этабына байкоо салат. Мындан сырткары, энергетика жана өнөр жай объектилерин көрүп чыгат.

Иш сапардын экинчи күнүндө президент Садыр Жапаров Ош облусунун Алай районуна барат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.