COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы 417 адам эмделди

Окуялар тизмеги 02 Апр 2021 11:51
0 ой-пикир

Кыргызстанда 2-апрель саат 8:00гө карата COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы 417 адам эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, бир суткада жалпы 113 адам эмделген. Бишкекте жалпы 177, Ошто 173, Чүй облусунда 62 адам вакцина алды.

Эскерте кетсек, биринчи этапта “SinoPharm” кытай вакцинасы менен 75 миң адам эмделет.

Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында жайгаштырылды.

Чүй облусунда Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту ачылды.

Мындан сырткары, Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылат.

Cүрөт интернеттен алынды

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру (0702) 825-261

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.