Марат Аманкуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду, — БШК

Окуялар тизмеги 01 Апр 2021 12:40
0 ой-пикир

1-апрелде БШКнын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Аманкулов мандатын өз ыктыяры менен тапшырып берген. Ал «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын” мүчөсү.

Эскерте кетсек, УКМК мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Жогорку Кеңешинин депутаты А.М.А (Марат Аманкулов КСДП фракциясы) тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталган.

А.М.А. саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө ал кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы анын расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон. Мындан тышкары, көмүскө активдерин жашыруу үчүн, аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган аффилирленген адамдарга каттаткан. Атап айтсак, соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, «Каприз» борборундагы коттедж, 3 особняк, жана ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык сомду түзгөн.

Жогорудагы активдерге келип чыгуунун мыйзамдуулугун берүү максатында A.M.A. аларды сатып алуудан мурун, ал тиешелүү насыяларды финансы-кредит мекемелерине берген.

Cүрөт интернеттен алынды

Есть тема, видео, фото? Вы можете сообщить новость Elgezit.kg, отправив ее в WhatsApp или Telegram по номеру (0702) 825-261

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.