Токтогулда профилактикалык иштер улантылууда

Окуялар тизмеги 26 Мар 2021 15:32
0 ой-пикир

Токтогулда кылмыштуулуктун алдын алуу иштери улантылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык,Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун алдын алуу, ар түрдүү кырсыктарды болтурбоо максатында профилактикалык жумуштар улантылып жатат. Милиция кызматкерлери түнкү убакыттарда өспүрүмдөрдүн себепсиз көчөдө жүрүүлөрүн көзөмөлгө алып жатышат. Ошондой эле окуучулардын мектептерге негизсиз барбай коюуларын болтурбоо үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өспүрүмдөр арасындагы топтошуп мушташууларга, эрте никеге турууга бөгөт коюу багытында да алдын алуу иштери алып барылууда.

Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга бөгөт коюу боюнча тегерек стол өткөрүлүп, көйгөйлүү маселелер талкууга алынды. Жыйындын жүрүшүндө терс көрүнүштөр орун алган учурда кайдыгер карабастан милицияга билдирүү керектиги жеткирилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.