Президент Садыр Жапаров президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу тууралуу 11 жарлыкка кол койду.
Президенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, алардын ичинен жети жарлык 2 410 адамды (1802си — чоң адам жана 608и — бала) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Төрт жарлык 982 адамды (780и — чоң адам жана 202си — бала) Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.
Сүрөт Президенттин расмий сайтынан алынды