Президент: «Шадиевден башка биздин бир нече саясатчыларыбыз Америкада качып жүрбөйбү»

Окуялар тизмеги 16 Мар 2021 14:19
0 ой-пикир

АКШ Кыргызстанда жасалган кылмыштарга шектелип жаткан адамдарга карата эки ача саясат жүргүзүп жатат, деп билдирди президент Садыр Жапаров «Азаттык» радиосуна берген маегинде.

Анын айтымында, АКШ Камчы Көлбаевди жана Райымбек Матраимовду айыптап жатат, бирок ошол эле кезде экономикалык кылмыштарга шектелген мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга бербей жатат.

Журналист: — Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин абактан бошотулушу коомчулукта эки ача пикирди жаратып койду. Бул адамдын эркиндикке чыгышына тынчсыздануусун билдирген тараптар дагы болуп жатат. Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулукка чыныгы күрөш жүрүп жатат деп ишенимдүү айта аласызбы?

Садыр Жапаров: — Камчы Көлбаев боюнча, мен дагы окуп чыктым, Америка жазып чыкты. Негизи Америка кош стандарт саясат жүргүзүп жатат. Көлбаев менен Матраимовду бер, биз соттойлу дейт. Көлбаев — наркобарон, өмүр бою түрмөдө отурушу керек дейт. Биз эми Американын бир штаты эмеспиз да, өзүбүздүн жаранды берип койгудай, сен сотто, мен соттой албай жатам деп. Мен Матраимов менен Көлбаевди коргоп жаткан жокмун. Мен жалпысынан айтып жатам. Ошол эле мезгилде Шадиевди эмнеге бербейт? Шадиевден башка биздин бир нече саясатчыларыбыз Америкада качып жүрбөйбү. Матраимовдун, Көлбаевдин кылмыштарын алар дагы кылган.

Сүрөт Азаттыктан алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.