Таажы вирусунан 1 адам каза болуп, 32 адамдан табылды

Окуялар тизмеги 14 Мар 2021 20:18
0 ой-пикир

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 32 адамдан табылып, бирөө каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 22 адамдан, Ош облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 5 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 27 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 10, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда – 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош облусунда бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 343 бейтап, амбулатордук түрдө 250 адам дарыланууда.

«Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Пандемия башталгандан бери 4 миң 207 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 195 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.