Сыймык менен сыймыктанабыз: метродо кулап кеткен адамды куткарган Сыймык Алмазбек уулу менен элчи жолугушту

Окуялар тизмеги 13 Мар 2021 14:48
0 ой-пикир

 12-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулу Эдуард Насиров Москва метросунун рельсине кулап кеткен адамды куткарып калган Сыймык Алмазбек уулу менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Буга чейин маалымдалгандай, 9-мартта саат 17:30-18:00дөр чамасында Москва метросунун “Крестянская Застава” метросунда белгисиз адам электр поездинин акыркы вагонунан рельске кулап, эсин жоготкон.

“Метронун кезектеги поездинин келишине бир мүнөт калганына карабастан, 21 жаштагы Сыймык башка жаран менен рельске секирип, кулап түшкөн адамды метронун станциясынын платформасына көтөргөн”, — деп айтылат маалыматта.

Сыймыктын айтымында, ал рельстен ылдый түшүү жөнүндө эч кандай ою болгон эмес. Бирок ал жакка кантип жеткенин өзү деле түшүнгөн эмес.

Насиров Сыймыктын оор кырдаалда көрсөткөн эр жүрөктүүлүгү үчүн элчиликтин атынан ыраазычылык билдирди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.