Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин 11-марттагы жолугушуусунда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жолунун курулушу эки мамлекеттин түпкү кызыкчылыгына толук жооп бере турганы айтылды.
Бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн чогуу иштөөнү улантышмакчы. Аймактагы жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүү үчүн эл аралык «Ташкент-Анжиян-Ош-Эркечтам-Кашкар“ каттамын жандантуу макулдашылды.
Эки өлкөнүн ортосунда автобус, темир жол жана аба каттамдарын калыбына келтирүү -жүк ташуу, жүргүнчү жана туристтик агымдын көбөйүшүнө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Президенттер чектеш жайгашкан район-облустардын соода-экономикалык, транспорттук-транзиттик, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүү зарыл экенин айтышты. Ага ылайык сапар алмашуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү эки элдин достугун чыңдап, аймактар ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрөт.
Сүрөт интернеттен алынды