Жалал-Абаддагы борбордук көчөлөрдүн бири — Пушкин атындагы көчөгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин агасы, маркум Каныбек Ташиевдин ысымын ыйгаруу тууралуу сунуш бүгүн 10-мартта шаардык кеңештин сессиясында каралды.
Бул боюнча 9-мартта депутаттык комиссия түзүлгөн. 10-марттагы шаардык кеңештин жыйынында шаар мэри Эрнисбек Ормоков «документ боюнча көптөгөн маселелер жаралат» деген негизде көчөнүн мурдагы аталышын калтырууну сунуштап, депутаттар аны колдоду.
Жалал-Абаддагы “Томас” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү катары белгилүү болгон Каныбек Ташиев коронавирус күчөп кеткен 2020-жылдын июль айында, 57 жашында каза болгон.
Сүрөт интернеттен алынды