Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» кол койду

Окуялар тизмеги 10 Мар 2021 10:17
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 27-январында кабыл алынган.

Мыйзам аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен келишим (макулдашуу, меморандум) түзгөн, Бириккен улуттар уюму тарабынан уюштурулган уюмдар (өкүлчүлүктөр) аркылуу дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууда сатып алуучу уюм түз келишим түзүү ыкмасы менен өз алдынча сатып алууга укуктуу экени каралган.

Муну менен катар мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.