“Жерүй алтын кенинде массалык мушташ болду” деген маалымат иликтенип жатат

Окуялар тизмеги 05 Мар 2021 10:08
0 ой-пикир

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы 4-мартта маалымат таратып, социалдык тармактарда тараган “Жерүй алтын кенинде массалык мушташ болду” деген маалымат иликтенип жатканын кабарлады.

Милиция кабар Талас райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы, мыйзамга ылайык текшериле турганын кабарлаган.

4-март күнү “Фейсбуктагы” «Эл Байлыгы-бийлиги Коомдук Уюму» тайпасында Жерүйдө массалык мушташ болгону тууралуу маалымат жарыяланган. Анда алтын кенинде жергиликтүү эл менен «Алтын Альянс» компаниясынын өкүлдөрү Самат Толубаев, Насирдин Алымсейитов мушташып, жергиликтүү тургун сабалганы, анын мээси чайкалып, түрдүү жараат алганы тууралуу жазылган.

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков январь айынын башында Жерүй алтын кенине барган.

Cүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.