Премьер Марипов Финполицияны жоюп салды

Окуялар тизмеги 05 Мар 2021 12:18
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматын (Финансы полициясы) жоюу чечими кабыл алынды. Ал тууралуу токтомго бүгүн, 5-мартта премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, көмүскө экономика 130 млрд сом же 23,6% (ИДП) болот. Ошол эле учурда көз карандысыз эксперттер көмүскө экономика 24 пайыздан 43 пайызга жете турганын айтып келишет. Бул Экономикалык кылмыштар менен каршы күрөшүү кызматы өзүнүн функциясын тиешелүү аткарбайт дегенди билдирет, деп айтылат маалыматта.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.