Мындай пикирин Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди. Ал президенттик башкаруу менен парламенттик башкаруунун айырмасы, мамлекетке пайда-зыяны тууралуу айтып жатып, партиялык система менен түзүлгөн парламент элдин үмүтүн актаган жок деп билдирди:
“Парламенттик башкаруунун негизги өзөгүн саясий партиялар түзөт. Бирок азыр бизде саясий партиялардын абалын көрүп жатасыздар. Айрым партиялар бизнес борбор, парламент өзү базаркомдор менен банкирлердин өкүлчүлүгү болуп калды”, — деди Бөрүбашев.
Сүрөт www