Кадыр Маликовдун атасы каза болду

Окуялар тизмеги 05 Мар 2021 10:45
0 ой-пикир

Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев орун басары, белгилүү дин аалымы Кадыр Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу муфтият кабарлады.

«Урматтуу Кадыр ажы! Атаңыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтам. Кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сабыр кылыңыз. Жараткан маркум атаңызды өз ырайымына алып, бейиштин төрүнөн орун насип кылсын. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп былтыр августта дайындалган.

Курманбек Бийгелдиев — Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликовдун уулу.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.