Сот Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча ишти кайрадан кароону улантууда

Окуялар тизмеги 04 Мар 2021 16:27
0 ой-пикир

Бишкектин Биринчи май райондук соту кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгышы боюнча ишти кайрадан кароону улантууда.

Маалыматты бул ишке айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, жараянда айыпталуучулардын бири, гематолог-дарыгер Абдухалим Раимжанов ден соолугуна байланыштуу өзүнүн ишин өзүнчө бөлүп кароо тууралуу өтүнүч келтирди. Сот аны карап жатат. Азырынча чечим чыга элек.

Атамбаев саламаттыгын жүйө кылып, жараянга келген жок.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарындагы түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик рейсте Орусияга учуп кеткен.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.