Райымкулов кесиптешин оозго алгыс сөз менен сөктү

Окуялар тизмеги 04 Мар 2021 20:59
0 ой-пикир

Бактыбек Райымкулов кесиптеши Дастан Бекешев отурган жерге келип экөө сүйлөшүп турган, анан эле катуу кыйкырып бири-бирин сөккөнү угулду.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев менен Бактыбек Райымкулов жыйында отуруп сөгүшө кетти.

Жыйын учурунда Райымкулов Бекешев отурган жерге келип сүйлөшүп турган, анан эле катуу кыйкырып бири-бирин сөккөнү угулду. Экөө тең оозго алгыс сөздөрдү айтып, андан соң Райымкулов өзүнүн ордун карай басып кетти.

Көп өтпөй Райымкулов ортоңку микрофонго чыгып, бейөкмөт уюмдардын бюджетин ачыктоо боюнча мыйзам долбоору эки окуудан өтүп токтоп калганын, ошону үчүнчү окууга чыгарып берүүнү сурады. Ал батышчыл адамдар ар кандай митингдерди уюштуруп жатканын белгиледи.

Жаңжал эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. Бүгүнкү жыйында Бекешев «кээ бир депутаттар коррупционерлерди колдоп митингге чыгып, бул жакта бийликке жагалданып, эл алдында башкача сүйлөп жүрөт” деген билдирүү жасаган.

Ал эми Бактыбек Райымкулов 28-февралда Ош шаарында Райым Матраимовду колдоо митингине катышып сөз сүйлөгөн болчу.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.