Ички иштер министри Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолукту

Окуялар тизмеги 04 Мар 2021 15:23
0 ой-пикир

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

4-март күнү ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард Ауэр менен жолукту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Уланбек Султанов, ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов, кызматташтык боюнча бөлүмдүн кызматкери Косимо Ламберти-Фоссати, саясат бөлүмүнүн кызматкери Светлин Сергеенков жана башкалар катышты. Министр делегацияны жылуу кабыл алып, кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндө Европа Биримдигинин институттары менен иштиктүү диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Биз Борбор Азияда Баңгизаттарды жайылтууну алдын алуу программасы, уюшулган кылмыштуулукка жана баңгизаттарга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Европа Биримдигинин чаралары программасы сыяктуу Европалык Биримдиктин долбоорлорунун алкагында бирдиктүү иш-чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилейбиз. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын жана Борбор Азиядагы укук коргоо менен сот органдарын колдоо боюнча “LEICA” регионалдык долбоорунун башталышын кубануу менен белгилейм”,-деди Улан Ниязбеков.
Өз кезегинде Эдуард Ауэр Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы көп жылдардан бери үзүрлүү кызматташып, ага мисал катары бүгүнкү күндө республиканын аймагында ишке ашып жаткан долбоорлор менен программаларды белгилесе болоорун билдирди.
Тараптар 2014-2020-жылдарга карата Көп жылдык индикативдүү программанын жыйынтыгын, анын алкагында жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен Кодекстерин талкуулашты. Ошондой эле, бул программанын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, 2021-2027-жылдарга карата Көп жылдык индикативдүү программанын келечеги жөнүндө сүйлөшүштү.
Катышуучулар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерине дагы токтолушту.
“Урматтуу Ауэр мырза, Сизге ыраазычылыгымды билдирип кетүүгө уруксаат бериңиз. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Сиздер менен мындан ары дагы үзүрлүү кызматташууга даяр”, — деди ички иштер министри.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.