Аткезчилик менен 1 миллиондон ашык зыян алып келген жаран кармалды

Окуялар тизмеги 04 Мар 2021 17:44
0 ой-пикир

ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 270 беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде (аткезчилик) сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.  Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинде (Ысык-Ата району) 2002-жылы чыгарылган «Volvo FH12 420» жүк ташуучу унаасын мыйзамсыз каттоо фактысы боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. ЖБД (жүктүн бажы декларациясы) боюнча, жогорудагы жүк ташуучу унаа жана прицеп Литвадан келген, бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат базасында бул унаанын бажы жагынан таризделиши жөнүндө маалымат жок. Алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке келтирилген материалдык зыян 1 миллион 315 миң сомдон ашык суммага бааланган. Тергөө буйругунун алкагында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-бөлүмүнүн (УБОП) кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Экономикалык кылмышка шектүү катары, ИИМдин КМК ыкчам кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун тургуну 1968 жылы тууулган А.Н. кармалган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси негизинде кармалган адам Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бул мыйзамсыз ишке башка адамдардын катыштыгы текшерилүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.