Ак калпак күнү: Рысбек Жабировго Маданият министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылды

Окуялар тизмеги 04 Мар 2021 16:57
0 ой-пикир

Бүгүн, 4-мартта Бишкекте Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чара улуттук кийимдердин парады менен башталып, маданий иш- чаранын расмий бөлүгү “Ала-Тоо”аянтында уланды.

Ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Рысалиев, коомдук маданий ишмерлер, шаар тургундары жана меймандар катышты.

Иш-чараны министр Кайрат Иманалиев ачып, жалпы катышуучуларга ыраазычылык билдирип, куттуктоо жолдоду.

Министр өз сөзүндө, өлкөдө майрамдалып жаткан ак калпак майрамынын мааниси жогору экендигин билдирип, аны аздектеп сактоо, улуулардын жолун улай, мындай иш-чаралар дагы жогорку деңгээлде уюштурула тургандыгын айтты. Салтанатта Ак калпак күнүн майрамдоо демилгесин көтөргөн Рысбек Жабировго Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасын жана белегин тапшырды. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруу жана даярдоо аракеттерин көргөн Элнура Кулуева, Ырыс Окенова жана Аманбол Бабакуловго ыраазычылык айтылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.