Өзбекстанда курут жасап жаткан аял сүзмөнү буту менен аралаштырып жаткан видео кызуу талкууда

Окуялар тизмеги 02 Мар 2021 15:14
0 ой-пикир

Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган окуя Самарканд облусундагы Иштыхан районунда болгон.

Курут жасоо менен алектенген жарандар Каллахоса айылындагы Дехканабад махалласында жашаары белгилүү болду. Видеодогу аялдын айтымында, курутту колу менен бышырууга күчү жетпеген. Күйөөсү үйдө болбогондуктан, курутту бутуна галош кийип алып аралаштырууга мажбур болгон.

Анын буту менен аралаштырып жатканын кошунасы видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган. Видеонун автору эч кандай жаман ниети жок экендигин жана буга чейин мындай көрүнүштү көрбөгөндүктөн тартып алгандыгын айткан.

Бул жагдай боюнча махалланын төрагасы Шахобиддин Мухаммадиев дагы комментарий берген:

“Видеону райондук милиция кызматкери менен биргеликте көрдүк. Видеодо аял өзү экенин тастыктады. Эмне үчүн мындай кылганын сураганда, ал жакында эле төрөп, аны аралаштырганга «акыбалым жок» деп жооп берди. Бирок бул шылтоо боло албайт, анткени адамда абийир болушу керек” , — дейт ал.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербеген шартта даярдалган курутту жок кылгандыгы маалымдалды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.