Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты

Окуялар тизмеги 02 Мар 2021 13:41
0 ой-пикир

Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, билдирүүнүн текстинде төмөнкүдөй деп айтылат:

«Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча 2021-жылдын 2-3-мартында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасына мамлекеттик иш-сапары менен барды.

Достук жана ишеним көрсөтүү маанайында өткөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекет башчылары стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты андан ары бекемдөөнүн келечегин терең талкуулап, региондук жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Президенттер Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы бир туугандык жана ынак коңшулук мамилелерин өнүктүрүүдөгү жана бекемдөөдөгү Казакстан Республикасынын Туңгуч президенти — эл башы Нурсултан Абишевич Назарбаевдин тарыхый ролун, ошондой эле Борбордук Азиядагы региондук биригүүгө кошкон зор салымын өзгөчө белгилешти. Мамлекет башчылары боордош элдердин кылымдар бою келе жаткан достук, ынак коңшулук жана руханий байланыштарына негизделген саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жааттагы кыргыз-казак мамилелеринин позитивдүү динамикасын канааттануу менен баса белгиледи.

1997-жылдын 8-апрелиндеги Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө келишимдин жана 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы союздаш мамилелер жөнүндө келишимдин жоболорун жетекчиликке алып, төмөнкүлөр тууралуу билдиришет:

Кыргыз-казак достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаш мамилелерин тең укуктуулуктун, өз ара ишеним көрсөтүүнүн, урматтоонун жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде комплекстүү бекемдөө багыты бузулбас экендигин тастыкташат.

Буга чейин жетишилген макулдашууларды, анын ичинде Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2019-жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик иш-сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууну биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди динамикалуу өнүктүрүү үчүн жигердүү саясий диалогдун маанилүүлүгүн таанып, эң жогорку, жогорку жана башка деңгээлдердеги ишеним көрсөтүү жана конструктивдүү байланыштарды андан ары кеңейтүүнү колдошот.

Уланып жаткан пандемия шартында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө биргелешкен күч-аракеттерди активдештирүүнүн маанилүү экендигин белгилешти. Бул контекстте колдоого жана жардам көрсөтүүгө, анын ичинде гуманитардык мүнөздөгү жардамга жана көмөк көрсөтүүгө даяр болгондугу үчүн кыргыз тарап Казакстан Республикасына ыраазычылык билдирди.

Эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарыл экендигин таануу менен, Тараптардын мамлекеттеринин аймактары боюнча жарандардын жана транспорт каражаттарынын эркин жүрүүсү жана транзит менен өтүүсү үчүн макулдашылган чараларды көрүүнүн маанилүү экендигин баса белгилешет.

Соода-экономикалык кызматташуу, товарлар менен өз ара соода кылуунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түзүмүн диверсификациялоо жана өсүшүн камсыздоо жаатындагы эки тараптуу мамилелерди андан ары кеңейтүү өзгөчө мааниге ээ экендигин ырасташат.

Өнөр жайдагы, гидроэнергетикадагы, отун-энергетика комплексиндеги, жер казынасын пайдалануудагы, айыл чарбасындагы, кайра иштетүү секторундагы, логистика чөйрөсүндөгү, жол-транспорт инфратүзүмүндөгү жана банк чөйрөсүндөгү кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иштиктүү байланыштарды ар тараптуу кеңейтүү зарылдыгын белгилешет.

Инвестиция тартууну жана аларды мамлекеттик деңгээлде коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешет. Тараптар өз ара инвестицияларды ар тараптуу колдоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча чара көрүү ниетин билдиришти.

Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги төрагалыгында белгилеген артыкчылыктарды колдой тургандыгын билдирди. Бул контекстте Тараптар евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында, анын ичинде потенциалды толук көлөмдө ачууга, тоскоолдуксуз, алып коюусуз жана чектөөсүз капиталдын, эмгектин, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун ачууга, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, өнөр жай комплекстеринин атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана башка багыттарда чараларды иштеп чыгууда бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруунун маанилүү экендигин белгилешет.

Мамлекеттердин транспорттук-транзиттик потенциалын андан ары өнүктүрүү, ошондой эле санариптештирүү жана маалымат алмашуу, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Чек ара кызматташтыгынын потенциалын ачуу максатында Тараптар кыргыз-казак Биринчи региондор аралык форумун өткөрүүгө кызыкдар экендигин тастыкташат.

Өкмөттөргө бирдиктүү экономикалык мейкиндик шарттарында Кыргызстан менен Казакстандын аймактары аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында логистикалык борборду түзүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экологиялык жана энергетикалык коопсуздугу жана суу-энергетика ресурстарын стратегиялык өнөктөштүктүн, өз ара ишеним көрсөтүүнүн, ынак коңшулуктун, тең укуктуулуктун жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде комплекстүү пайдалануу боюнча конструктивдүү кызматташууга өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.

Региондук кооперациянын актуалдуу маселелери боюнча позициялардын окшоштугун жана Борбордук Азияда ишеним көрсөтүү, туруктуулук жана коопсуздук атмосферасын бекемдөөгө эки тараптын умтула тургандыгын ырасташат.

Ички региондук кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө беш тараптуу өз ара аракеттенүүнү жигерлетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзгөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушууларынын форматын андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маанисин өзгөчө белгилешти. Эпидемиологиялык кырдаалдын жакшыруусуна жараша 2021-жылы Кыргыз Республикасында боло турган кезектеги Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар БУУ, ЕККУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ, ТТКК, ИКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы конструктивдүү диалогду улантуу зарыл деген бир пикирди карманышат.

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним көрсөтүү боюнча кеңешменин (АӨИКК) потенциалын өнүктүрүүгө, анын ичинде аны эл аралык уюмга өзгөртүүгө көмөк көрсөтүү боюнча бекем ниетин билдиришти, эки мамлекет тең координатор болгон АӨИККтин Адамдык өлчөөсүн өнүктүрүү жөнүндө макулдашты.

Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө түрткү бере турган 2021-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү пландалып жаткан Европа бирлиги — Борбордук Азия биринчи экономикалык форумунун маанилүүлүгүн белгилешет.

Эл аралык терроризм, экстремизм, баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдердеги башка эл аралык коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары менен күрөшүү маселелеринде биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.

Эки элдин маданий-тарыхый жана тилдик жалпылыгын эске алуу менен, илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, туризм, спорт жана башка тармактардагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө умтулгандыгын тастыкташат. Тараптар биргелешкен билим берүү жана илимий-техникалык программаларды ишке ашырууну улантууну көздөшөт.

Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган алдыдагы юбилейлик иш-чаралар маанилүү экендигин белгилешти.

Биргелешкен телекөрсөтүү долбоорлорун, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө, жалпы тарыхый жана маданий мурастарды сактоо жана илгерилетүү максатындагы аракеттерди консолидациялоого даярдыгын билдиришти.

Нур-Султан шаарында Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтерин, ошондой эле Бишкек шаарында Абай Кунанбаевдин эстелигин орнотуу жөнүндө макулдашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Тараптар болуп өткөн үзүрлүү сүйлөшүүлөр жана иш-сапардын жүрүшүндө кол коюлган эки тараптуу документтер Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди андан ары бекемдөөгө түрткү бере тургандыгын, ошондой эле жетишилген макулдашууларды талаптагыдай ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевге жана бүткүл казак элине көрсөтүлгөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди жана ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында Казакстандын башчысын ага ыңгайлуу убакта Кыргыз Республикасына келүүгө чакырды.

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды. Иш-сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат». 

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.