Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен кетти

Окуялар тизмеги 02 Мар 2021 10:11
0 ой-пикир

Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Казакстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кетти.

Аны тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев жана башка өкмөт мүчөлөрү коштоп жүрүшөт.

Садыр Жапаров сапар алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жолугат, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, өз ара алакалардын келечегин талкуулайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.