«Кыргыз делегациясы Казакстандын жогорку жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанды. Сүйлөшүүлөр кызматташтыгыбыздын ырааттуу мүнөздө өнүгөрүн белгилейт», — деп айтты Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүсүндө.
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчысы кыргыз-казак кызматташтыгынын дээрлик бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкуулангандыгын, эки өлкө үчүн маанилүү келишимдер түзүлүп, бир катар чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи.
«Биз мамлекеттерибиздин ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, интеграцияны жана эл аралык бирикмелердеги өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук», — деди Садыр Жапаров. Ал Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгын баса белгиледи.
Сүрөт интернеттен алынды