Кылмыш чөйрөсүндө “Улан Узун” деген ат менен белгилүү Барчакеев Улан кармалды

Окуялар тизмеги 02 Мар 2021 12:25
0 ой-пикир

КР УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун таасирдүү мүчөлөрүнүн бири, кылмыш чөйрөсүндө “Улан Узун” деген ат менен белгилүү Барчакеев Улан Кыйбатбековичке мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 1-мартта У.Барчакеев Бишкек шаарынын аймагынан кармалып жана анын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына жеткизилди.

КР УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында У.Барчакеев тарабынан кылмыш иш-аракеттерин жасоо жагдайлары жана анын кылмышка байланыштуу иштери аныкталды.

У.Барчакеев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.