«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калкка дары-дармектерге жеткиликтүү бааларды жана аларга бааларды жөнгө салуунун тийиштүү механизмин сунушташы керек», – деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов дары-дармектерге бааларды жөнгө салуу маселелерин талкуулаган жумушчу жыйындын жүрүшүндө.
Ал дары-дармектерге бааларды мамлекет тарабынан жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Коронавирустук инфекциянын пандемиясы учурунда дары-дармектерге болгон баа мурдагыдан да курч болуп турат. Жай мезгилинде дары-дармектердин баалары кескин жана негизсиз көтөрүлүп кеткендигине бардыгыбыз күбө болдук. Бүгүнкү күндө дары-дармектердин айрым түрлөрүнө баалардын өсүшү дагы байкалууда. Биз калкка, айрыкча, социалдык жактан аярлуу категориядагы жарандар үчүн дары-дармектерге жеткиликтүү бааларды камсыз кылышыбыз керек. Өтө маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген жана КНСтен бошотулган дары-дармектерди өзгөчө белгилеп кетким келет. Салыктык жеңилдиктерге карабастан, айрым дары-дармектердин наркы өндүрүш ишканаларынын сатуу бааларына салыштырмалуу бир нече эсе көтөрүлүп кетти. Бул жагдай бизге түп-тамырынан ылайык келбейт, ошондуктан тизмени концептуалдык түрдө карап чыгуу, ошондой эле баа саясатын талдоо керек”, – деди Улукбек Марипов.