Базар-Коргон Райондук электр тармагынын юристи

Окуялар тизмеги 02 Мар 2021 17:10
0 ой-пикир

26-февралда КР УКМК ККК сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен биргеликте, Жалал-Абад областынын талап кылган акча каржатынын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон Райондук электр тармагынын юристи «А.Н.К.» кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган адам жергиликтүү тургундан, электр энергиясын өндүрүштүк керектөөгө пайдаланууга байланыштуу, салынган айып пул маселесин оң тарапка чечип берүү үчүн, 50 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган, ал эми анын негизги бөлүгүн мурда алган.

Азыркы учурда бул факт КР Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.