«Ак-Жар» конушунда жер бөлүп берүүнү талап кылгандар чогулушту

Окуялар тизмеги 02 Мар 2021 17:53
0 ой-пикир

Аламүдүн районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн «Ак-Жар» конушунда жер бөлүп берүүнү талап кылгандар 2-мартта кайрадан топтолушту. Ондогон адамдар айдоо аянтынын жанында турак-жайга жер бөлүүнү талап кылышууда.

Митинг тартылган видеолор Интернетке тарады. Анда айрым жарандардын коюлган талап аткарылбаса, жер басып алууга бара турганын айтканын угууга болот.

Митинг өтүп жаткан жерде милиция кызматкерлери да жүрүшөт. Ленин айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жер басып алуу аракети болгонун ырасташты. Учурда айыл өкмөт башчысы эл топтолгон жерде экенин билдиришти.

Нааразы тарап 1-мартта ушундай эле талап менен Ак-Жарга чектешкен Мыкан кыштагындагы айдоо аянтка чогулушкан. Жер маселесин чечүү тууралуу өтүнүч менен президентке кайрылышкан.

Жергиликтүү бийлик айтылган талаптар тууралуу маалымат бере элек.

Кыргызстанда жер басып алуу көрүнүшү 2005-жылдагы бийлик алмашуудан кийин күчөп, 2010-жылдан кийин токтогон. Ошол кезде басып алынган бир катар айдоо аянттарына өз алдынча үйлөр салынып, жаңы конуштарга айланган. Ал эми Ак-Жар конушу жашоого жараксыз деп табылып, андагы тургундар башка жерлерге кетишкен. Бирок бошоп калган турак-жайларга кайрадан адамдар жашай башташкан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.