Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет республиканын мамлекеттик түзүмүнүн бардык деңгээлдеринде мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш алып барат.
Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.
“Ишеним” саясий партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири өкмөттүн Ош облусундагы учурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдраимов экендиги такталды. Аталган партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууну көздөп жатат.
УКМК административдик ресурстарды колдонуунун жана анын натыйжасында таза эмес шайлоолордун мындай фактылары 2020-жылдын октябрь окуясынын себептеринин бири болду деп эсептейт. Ушундай шартта УКМК бардык саясий күчтөргө өлкөнүн учурдагы мыйзамдарын так сактоо жана таза, ачык шайлоо өткөрүү зарылчылыгы жөнүндө эскертет. Болбосо, шайлоо жараянын бузгандар бардыгы мыйзамда белгиленгендей жоопкерчиликке тартылат.
Сүрөт интернеттен алынды