Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапары менен барат

Окуялар тизмеги 01 Мар 2021 14:08
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2-3-мартта Казакстан Республикасына мамлекеттик иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди.

«Казакстан менен кызматташтыгыбыз жогорку деңгээлде жана иш жүзүндө бардык чөйрөлөрдө эки жана көп тараптуу өз ара кызматташуунун оң динамикасы бар. Биз Казакстан Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары чыңдоо максатын көздөйбүз», — деп белгиледи Дастан Дюшекеев.

Алдыдагы иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара байланыштардын мындан аркы келечегин талкуулайт.

Сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.