Садыр Жапаров Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду

Окуялар тизмеги 26 Фев 2021 08:21
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 25-февралда, Россия Федерациясына болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго 1 мүнөт эскерүү менен таазим кылды, андан соң оркестр Кыргыз Республикасынын гимнин жаңыртты.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү дагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюшту.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.