Энергетика жана өнөр жай министри Россия Федерациясынын энергетика министри Николай Шульгинов менен жолукту

Окуялар тизмеги 24 Фев 2021 19:57
0 ой-пикир

Бүгүн, 24-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Россия Федерациясынын энергетика министри Николай Шульгинов менен жолукту. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы, анын ичинде Кыргызстандагы гидроэнергетикалык объектилердеги кыргыз-россия кызматташтыгынын учурдагы абалын, ошондой эле эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүнүн жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча тыгыз байланыштарды улантууга өз ара кызыктарлыгын билдиришти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.