УКМК «Кабарлар» маалымат агенттигинин башчысы Үмүт Мукамбетованы кармады

Окуялар тизмеги 23 Фев 2021 13:32
0 ой-пикир

«Ал 84 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен пара менен кармалган. Патрулдук милиция кызматкерлери мас абалында унаа айдагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган учурда арыз ээси тартылган видеотасманы алып салуу үчүн ал акча талап кылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын башчысы УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти министрликтен.

Белгилүү болгондой, укук коргоо кызматкерлери «Кабарлар» маалымат агенттигинин башчысы Үмүт Мукамбетованы кармашканы айтылууда.

Буга чейин УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Пара талап кылуу” беренеси боюнча сотко чейинки иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.