Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов 23-февралда Орусияга иш сапар менен барды.
Анын алкагында Шыкмаматов Москвадагы «Кыргызстан» павильонунун иши менен таанышты.
Мындан тышкары павильон жайгашкан «Москва» жармаңке-көргөзмө комплексинин башчысы Омар Муртузалиев менен жолугушуп, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Орусиянын базарларына кеңири чыгаруу маселесин талкуулады.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, Омар Муртузалиев жармаңке-көргөзмө комплексинин аймагында кыргызстандык ишкерлер үчүн өз товарын сатууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн билдирди.
Жолугушуунун аягында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен «Москва» комплексинин ортосунда кызматташуу меморандуму түзүлдү.
«Москва» жармаңке-көргөзмө комплекси 2001-жылдан бери иштейт. Анда жайгашкан «Кыргызстан» павильону 2017-жылдан тартып, Тышкы иштер министрлигине караштуу «Кыргыздипсервис» мекемесинин жоопкерчилигине өткөрүлгөн.
2018-жылы имарат 117 млн. рублге толугу менен оңдолгон.