Орусияда кыргыз жараны «теракт даярдаган» жана «терроризмге үгүттөгөн» деген айып менен жети жылга кесилди

Окуялар тизмеги 20 Фев 2021 14:40
0 ой-пикир

Москва шаардык аскер соту кыргызстандык 3-топтогу майып, 32 жаштагы Талант Онуровду «теракт даярдаган» жана «терроризмге үгүттөгөн» деген айып менен жети жылга эркинен ажыратты.

Ошондой эле, ага төрт жыл бою интернетте жана сайттарда ишмердүүлүк кылууга тыюу салынды.
Онуров 2019-жылы сентябрда Орусияга келген. Ал ушул эле жылы октябрь айында «теракт жасоо» максатында Москвада өзүнө өнөктөштөрдү издеп жүргөн деген айып менен кармалган. Онуров тергөө абагында отурган учурунда күнөөсүн мойнуна алганын Москванын тергөө комитетинин өкүлү Юлия Иванова кабарлаган.

Талант Онуров 1989-жылы 11-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Үй-бүлөдө төрт баланын улуусу. Ата-энесинин айтымында, 1998-жылы менингит болуп ооруп, кулагы укпай калган.

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги 2007-жылы берген күбөлүккө ылайык, 3-топтогу майып. Балыкчы шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турат, майыптыгына байланыштуу айына 2700 сом жөлөк пул алат.

1998-2008-жылдары Бишкектеги кулагы укпаган балдардын №2 интернатында окуган. Кийин Балыкчыдагы ата-энесинин колунда жүргөн. Үйлөнө элек, мурда соттолгон эмес.

Онуровдун апасы анын уулунун террордук уюмдарга катышы бардыгын четке кагып келет.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.