Россияга жол издеген мигранттар

Окуялар тизмеги 17 Фев 2021 10:07
0 ой-пикир

Мигранттар Россияга кайтып кетүү мүмкүнчүлүгүн күтүшүп, маселенин чечилишин күтүп жатышат. Бул тууралуу “Кыргызстан – Урал” ассоциациясынын төрайымы Гүлшан Долонбаева кечээ, 16-февралда онлайн-конференция учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы карантинге байланыштуу миңдеген кыргыз жарандары мекенине кайтууга аргасыз болушкан. Бирок, алар жакынкы аралыкта алар үчүн жумуш орундары түзүлөт деп күтүшпөйт. Ошондуктан, адамдар Россияга кайтып кетүүнү каалашат.

«Убадалар – бул убадалар, бирок адамдар үй-бүлөсүн, балдарын багышы керек. Ошондуктан, мигранттар Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынан маселени чечүүнү күтүп жатышат. Жумуш берүүчүлөр ансыз деле күтүп жатышат, алардын Россияда жумуштары бар», – деди Гүлшан Долонбаева.

Ошол эле учурда ал акча которуулардын көлөмүнө коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселеси ишкерлер үчүн дагы деле актуалдуу экендигин белгиледи.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.