Президент энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды

Окуялар тизмеги 10 Фев 2021 16:03
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-февралда, энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Керектөөчүлөрдү электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоо жана өнөржай потенциалын көтөрүү боюнча чаралар талкууланды.

Ошондой эле энергокубаттуулукту генерациялоону арттыруу жана энергиянын кайра жаратуучу булактарын өнүктүрүү максатында азыркы жана алдыдагы мезгилде атамекендик энергосистеманын иштөө режими, республиканын энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.