Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадыр 28-январда президенттик кызматка киришкен Садыр Жапаровго ыр менен кайрылуу жасады.
Анда төкмө акын тарыхтан кеп салып, өлкөнүн учурдагы абалын ырдап, Садыр Жапаровго бир нече кеңеш, өтүнүчтөрдү айтат. Ошондой эле ал, бийликти эл бергендигин айтып, андыктан элдин мүдөөсүн актаган жол башчы болуусун кошумчалаган.
Жеңишбек Жумакадырдын бул кайрылуусу социалдык тармактагы баракчасына жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратты. Ага элдин көпчүлүгү жылуу пикирлерин калтырышууда.
Белгилей кетсек, кечээ, 28-январда Бишкектеги Улуттук филармонияда ант берүү аземи болуп, Садыр Жапаров расмий түрдө президенттик тактыга отурду.
Сүрөт интернеттен алынды
https://youtu.be/9C6pe1s0ogM
Президенке 01.28. 2021. — Bing video