Окуялар тизмеги 29 Янв 2021 16:47
0 ой-пикир

Эсеп палатасы «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун» 2017-2018-жылдардагы чыгымдарын, «Кумтөр» компаниясы берген каражаттын эсебин териштирип чыкты. Анын негизинде Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы толук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн фондду башкаруу боюнча дирекция түзүү укугуна баа берүү сунушу менен Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу Эсеп палатасы маалымат таратты.

Маалыматка караганда текшерүү учурунда фонддун каражаттарын башкаруу дирекциясынын башчысы бөлүштүрөрү, ага мындай укукту өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү ыйгарганы, бирок мындай укук анда жок экени белгилүү болгон.

Маалыматта эки жылда дирекция 29,4 миллион сом короткону белгиленген. Фонддун эсебинен ыйгарым укуктуу өкүлгө корогон чыгымдар 6 654,6 миң сомду түзгөн. «Резиденция» ишканасына 800,0 миң сомдук автомашина алынган. Курулуш-монтаждоо иштерине көзөмөлдүн жоктугунан 24,998.9 миң сом каражат ашык коротулган. Эки жылда эмгек акы жана социалдык чегерүүлөр үчүн 24288,3 миң сом жана сый акылар үчүн 6 384,3 миң сом төлөнгөн. Мамлекеттик сатып алууларда мыйзам бузуулар катталган. Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө узак мөөнөттүк план болгон эмес.

Аудиттин жыйынтыгы Президентин аппараты, Жогорку Кеңеш, Коопсуздук кеңеши, Салык кызматы баштаган мамлекеттик тиешелүү органдарга жиберилгени да маалыматта белгиленген.

«Ысык-Көлдү колдоо фондунун жобосуна ылайык анын каражаттары фонддун байкоочу кеңеши бекиткен сметанын негизинде чыгымдалат. Фондго «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын дүң кирешесинин бир пайызы бөлүнөт.

Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп 2017-жылдын март айынан баштап Узарбек Жылкыбаев, ага чейин Асхат Акибаев иштеп турган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.