Жүргүнчүдөн өздүк кароо учурунда кара куурай кендир өсүмдүгү салынган 3 литрлик банка табылып алынган

Окуялар тизмеги 25 Янв 2021 16:28
0 ой-пикир

2021-жылдын 24-январында саат болжол менен 02-30 чамасында Ысык-Көл РИИБнүн өндүрүшүндөгү Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 268-берененин негизинде козголгон сотко чейинки өндүрүш боюнча, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустар боюнча башкармалыгынын жана Ысык-Көл РИИБнин БМЖКККнын кызматкерлери Балыкчы-Чолпон-Ата жолунан “Мерседес” үлгүсүндөгү маршруттук унаадан текшерүү үчүн токтотулган. Унаадагы 1992-жылы туулган Б. уулу Т. аттуу жүргүнчүсүнө өздүк кароо жүргүзгөн учурунда баштыктын ичинен кара куурай кендир өсүмдүгү салынган 3 литрлик банка табылып алынган.
Соттук химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык табылып алынган зат салмагы 1 килограмм 330 граммды түзгөн “марихуана” баңгизаты болуп аныкталды
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.