УКМК: Оштогу эл аралык баңги каналына бөгөт коюлду

Окуялар тизмеги 25 Янв 2021 18:21
0 ой-пикир

Ош облусунда эл аралык баңги каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Ош шаарынан мамлекеттик чек арадагы баңгизат тобунун кылмыштуу ишине бөгөт коюлду. Такталгандай, кармалган 1966-жылы туулган К.М. жана 1962-жылы туулган У.М. аттуу КР жарандары Борбордук Азия өлкөлөрүнө баңги заттарды ташуу жана сатуу үчүн туруктуу канал түзүшкөн.

Автоунаасын тинтүү учурунда алдыңкы отургучунун астынан салмагы 100 граммды түзгөн кочкул күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган.

2021-жылдын 23-январында кармалган У.М. жашаган жери боюнча санкцияланган тинтүү учурунда жана аймактан кампа жайлары табылып, жалпы салмагы 500 граммдан ашык кочкул күрөң түстөгү үч брикет табылып алынды. Экспертизанын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген заттар – жалпы салмагы 600 граммдан ашык кара куурай чайыры (гашиш) баңги заты болуп саналат. Кармалган К.М. жана У.М. КР УКМК Ош шаардык жана Ош областык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.