21-январда Бишкек шаарында “Lexus RX 300” унаасы күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекемеден билдиргендей, саат 16:36 чамасында Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрү кесилишкен жерде “Lexus RX 300” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталууда.