Кытай Кыргызстан үчүн 18 мамлекеттик стипендия бөлдү

Окуялар тизмеги 24 Янв 2021 15:46
0 ой-пикир

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик стипендиялар Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура, докторантура жана кытай тил такшалмасына берилет. Бул боюнча сынак жарыяланды. Программага тапшырууну каалаган жарандар төмөнкү шилтемеде көрсөтүлгөн документтерди тапшырса болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда тандоонун натыйжалары боюнча сунуш кылынган талапкердин тизмеси түзүлүп, 2021-жылдын 28-февралына чейин бул тизмелер кытай тарапка андан ары тандоо үчүн жөнөтүлөт.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.